Баткен шаарынын жаңы дайындалган мэри Темирболот Абыкеев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта калаа мэриясы маалымдады.
Жаңы дайындалган жетекчини жамаатка президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.
Темирболот Абыкеевдин Баткен шаарына мэр болуп дайындалганы 28-февралда кабарланган. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.