Бишкекте бильярд боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Кечээ, 8-январда Бишкектеги бильярд боюнча Олимпиадалык резевдин алдындагы жаштар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин (СДЮШОР) биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке аталган спорттук мектептин 1996, 1997, 1998-жылдары туулган тарбиялануучулары жана тажрыйбалуу бильярдчылар катышып, бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна окуучулардын даярдыгы каралды. “Кураштырма пирамида” түрү боюнча өткөн тирештерде 32 бильярдчы болду.

1996-1997-жылы төрөлгөндөрү аныкталган спортчулар арасында жеңиш ээси Дастан Лепшаков болду. Ал финалда Ызатбек Раатбековду 5:3 эсебинде жер каратты.

Ал эми 1998-жылкылар арасында Арсен Каленбаев финалда Эргазы Дурусбек уулун 5:3 эсебинде утуп, чемпион аталды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aldiyar97
2014-01-09 14:32:07
оооооо!азаматсың дастан!дайыма жер каратып жүрө бер атаандаштарыңды!менин сендей куда баламдын барына ништякмын.таластын,кыргызстандын атагын ааламга тарата бер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан