Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында мэриядан билдирди.

Маалымдалгандай, анын алкагында жөө жүрүш жана Аюп-Тоо тоосундагы флагштокто тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болду.

Ага Жалал-Абад облусунун жетекчиси Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, депутаттар, мекеме-ишканалардын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, шаар тургундары жана окуу жайлардын студенттери катышкандыгы маалыматта кошумчаланган.

Жетекчилер сөз сүйлөп, Мамлекеттик туу жана 5-март – Ак калпак күнү менен шаардыктарды куттуктады.

Айта кетсек, мамлекеттик туу жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды шилтемеге кирип окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан