Камчыбек Ташиев Жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертүү берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү жогорку окуу жайлар боюнча билдирүү калтырда.
Анда УКМК төрагасы учурда жогорку окуу жайларда окууга барбай эле диплом алгандар көбөйгөнүн белгилеп, жетекчилерге эскертүү берди.
"Билим берүү боюнча негизинен эле айта турган болсок биз өтө чоң кооптуу абалга бара жатабыз. Себеби жогорку окуу жайда окуу жөнөкөй эле акча төлөө, зачётту толтуруу жана кимдир бирөөлөр үчүн байлык топтоо системасына айланды. Университеттерге окууга барбай эле миграцияда же чет өлкөлөрдө жүрүп эле диплом алгандар көбөйдү. Бул көрүнүш бардык жогорку окуу жайларда кездешип жатат.
Университетте 200 студент диплом албаса да, таза жакшы эмгеги менен билим алган 20 студент диплом алса мамлекет үчүн алда канча пайдалуу эмеспи!
Дагы бир жолу бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилерине эскертип кетемин. Ар бир жогорку окуу жайды текшерүүгө жетишебиз. Жакынкы эки жылда коррупциясы жок мамлекетке айланабыз. Баарыбыз чогуу аракет жасашыбыз керек", - деп жазды Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан