Донор болуп 2,4 миллион ымыркайдын өмүрүн сактап калган адам 88 жашында каза болду 

Австралияда дүйнөдөгү эң көп донор болгон адам 88 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жеймс Харрисон кан тапшырып 2,4 миллион ымыркайдын өмүрүн сактап калган. Анын канында адамда сейрек кездешүүчү Anti-D антителосу болгон. Ал адамдын тапшырган каны ымыркайлардын кан оорусун алдын алууга колдонулган.

Жеймс Харрисон 88 жашында 17-февралда каза болгон. Бирок анын жакындары анын өлүмү тууралуу 3-мартта ачыкташкан.

Австралиянын Кызыл Крест коомунун маалыматы боюнча, Харрисон 18 жашынан тарта донор болууну баштап, 81 жашка чыкканга чейин ар эки жума сайын донор болуп турган. Мындан 20 жыл мурда, тагыраагы, 2005-жылы ал эң көп плазма берүү боюнча дүйнөлүк рекорд жараткан. Аталган рекордду 2022-жылы АКШнын бир жараны жаңыртканга чейин Харрисон дүйнөдөгү эң көп донорлук кылган адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан