Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Владимир Анкудиновдун элесине арналган 2013-14-жылдагы жаш өспүрүмдөрдүн волейбол лигасынын экинчи этабы аяктады. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирет.
Турнирде биринчилик үчүн 7 команда эки топко бөлүнүп, ат салышты. Ар бир топтун мыкты эки командасы финалдык бөлүккө чыгып, жеңиш үчүн күрөштү.
Жыйынтыгында 1-орунду Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары ээлешти. 2- орунду Нарындын «Ат-Башы», 3-орунду болсо, борбордун «Салам-Алик» командасы багындырды.