Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайдагы жана Ысык-Көлдөгү Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайдагы директорлордун бош орундарына сынак жарыяланды. Бул туурасында Маданият министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу керек.