Өзгөндө 16 жаштагы Бексултан Курбанов дайынсыз болууда

Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы Бексултан Курбанов дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, былтыр, 28-декабрда милицияга Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн кызматтык кат келип түшкөн.
Анда каттоодо турган 16 жаштагы өспүрүм Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургуну Бексултан Курбанов дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул факты Өзгөн РИИБине каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери: кара кепка, ак футболка, кара спорттук шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, кара тору, чачы кара, кыска, кашы-көзү кара.
Бексултан Курбанов тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап койсо болот: 03233 5-06-36, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан