Мурдагы билим берүү министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнүн артыкчылыктары көп экенин билдирди.
"Биринчиден, 12 жылдыкка өткөндө Жогорку окуу жайларда окуу 4 жылдан 3 жылга азаят. Демек, бир жыл эрте бүтөт. Экинчиден, коллеждер 3 жылдан 2 жылга кыскарышы керек. Үчүнчүдөн, 12 жылдыкка өткөндө көбү 10 жылдан кийин эле кесип тандоого өтүп, лицейлерге, орто кесиптик окуу жайларга тапшыргандар көбөйөт.
Баары эле сөссүз түрдө 12 жыл окуй бербейт да. Төртүнчүдөн, балдарыбыз 7 жашка караганда мектепке 6 жашында барса сабакты өздөштүрүүсү тезирээк жана сапаттуу болору эбак аныкталган. Бешинчиден, 12 жылдыкка өтүү бул дүйнөлүк алдыңкы билим берүү интеграциясына аралашуу болуп эсептелинет. Алтынчыдан, сапаттуу билим берүү жана 12 жылдыкка өтүү эки башка маселе", - деп жазган ал.
Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкө 12 жылдык окуу системасына өтүүгө даяр эмес деген пикирин билдирген.
Белгилей кетсек, мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү ушул жылдын сентябрь айында башталмакчы. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мектептерде класстар, окуу китептер жетишсиз деген жүйөлөр айтылууда. Маселе Жогорку Кеңеште дагы байма-бай көтөрүлүп, айрым депутаттар аталган реформа билим берүү тармагын талкалайт деп сындап жатышат. Ал эми Билим берүү жана илим министри 12 жылдык окууга этап-этап менен өткөрүлөрүн, окуу китептери чечилип жатканын билдирип, чоң көйгөй жаралбайт деп ишендирүүдө.