Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүндө жана ага жанаша жайгашкан көчөлөрдө кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Калаа мэриясынан кабарлагандай, менчик ээлерине алдын ала тиешелүү билдирүүлөр берилген.
Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев 28-февралда аталган көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан, тротуарга курулуп калган, көчөнүн жалпы көрүнүшүн бузган курулуштарды бузуп алып салуу жана жашыл аймактарды түзүп, көрктөндүрүү боюнча иштерди аткарууну тапшырган.