Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 5-мартта республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +4... +9;
Талас жергесинде түнкүсүн -4 ... -9, күндүз +3... +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4 ... -9, күндүз +5 ... +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5 ... -10, күндүз -1 ... +4;
Нарын дубанында түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -3 ... +2;
Бишкекте түнкүсүн -4 ... -6, күндүз +7 ... +9 градус болот.