"Эмне белек берүү керек?" 8-мартка карата топ-10 белек идеялары 

Саналуу күндөрдөн соң Эл аралык айымдар күнү – 8-март майрамын белгилейбиз. Жаздагы алгачкы майрамдын кирип келиши мырзаларды ойго салат эмеспи, себеби баарында "эмне белек берүү керек?" деген суроо жаралат. Бул жолу мырзаларды түйшүккө салбай, айымдар үчүн эң керектүү жана өзгөчө белек идеялары менен бөлүшүп өтөлү.

1. Эң эле алгач айымдардын баарына жакшы маанай тартуулаган гүлдөрдөн баштасак туура болчудай, анткени бул күнү бардык эле айым гүл алгысы келери талашсыз. Баса, кызыл роза гүлү бул күнгө жакшы шайкеш келчүдөй эмес. Андан көрө ар кандай түстөгү топ жоогазын, хризантема, пион же гортензия гүлдөрүн тандасаңыз туура болот.

2. Ал эми белек тандоодо айымдарга эң эле керектүү буюмдардын бири атырды же бетке кам көрүүчү косметика топтомун алсаңыз жаңылбайсыз. Мындай белек ар дайым трендде болот. Анткени ар бир аял өзүн сулуу сезүүдөн ырахат алат, мындай белектер аялдарга болгон камкордуктун белгисин көрсөтүп турат.

3. Эгер сиз айымыңызга укмуштуудай эмоцияларды тартуулоону каалап жатсаңыз, анда саякаттоо үчүн берилген сертификаттар жакшы вариант болуп берет. Бул сөзсүз түрдө Дубай, Мальдив аралдары же Түркия болуусу шарт эмес, акчаңызга жараша өлкө ичиндеги кызыктуу жерлерди тандасаңыз болот.

4. Концертке, фестивалга же театрга арналган билеттерди белекке берүү, үйдө отурууну жактырбаган айымдарга жакшы тандоо болот. Мындан сырткары майрам күнү атайын даярдалган тамактанууга дагы чакырсаңыз болот. Бул чогуу убакыт өткөрүүнүн жана анын каалоолоруна, кызыкчылыктарына камкордугуңузду жана көңүл бурууңузду көрсөткөнүңүз болуп эсептелинет.

5. Апаңызга, жубайыңызга үй жумуштарына кетирген убактысын кыскартуу үчүн атайын техника каражаттарын же үйгө керектүү буюм алып берсеңиз, бул дагы сонун идеялардын бири. Мындай белектер кам көрүү, аялдардын эмгегин баалоо, түшүнүүнүн белгиси болору анык.

6. Кайсы аял күнүмдүк түйшүктөрдү таштап, жок дегенде бир-эки саат эс алууну каалабайт? Майрамга карата укалоо, мончо, массаж алуу сыяктуу процедуралар айымдар үчүн эң жагымдуу болору талашсыз. Белек катары мындай сертификаттарды дагы коркпостон ала бериңиз.

7. Айымдар жакшы көргөн белектердин катарында, албетте, зер буюмдары дагы бар. Алтындан, күмүштөн жасалган сөйкө, шакек, билерик, булар эң сонун белек болору шексиз. Тагынчактардын баары аялзатынын көркүнө көрк кошуп, аларга ишенимдүүлүк тартуулайт. Эгер сиз өзгөчө белек берүүнү каалап жатсаңыз, анда атайын буйрутма менен колго жасалган зер буюмдарды тандасаңыз болот.

8. Майрамга карата дагы бир өзгөчө белектердин бири – бул ар кандай мастер-класс, окуу курстарына же кайсы бир спорттун түрүнө сертификат сатып берүү. Мындай белек ал адамды канчалык деңгээлде тааный турганыңызды көрсөтүп турат жана эң өзгөчө кам көрүү болору айтпасак да белгилүү.

9. Айымдардын жарашыктуу кийими анын сулуулугуна сулуулук кошуп турары талашсыз. Эгер сиз эң керектүү белек болсун десеңиз, анда кийим же сумка алып берсеңиз дагы болот. Мындай белек керектүү ошол эле учурда айымдарга эң сонун маанай дагы тартуулайт.

10. Айымдардын арсында китеп белек алууну жактыргандар дагы бар. Муну дагы эске алуу керек! Эгер сиз китеп белек берүүнү чечкен болсоңуз, анда бир нече китептен турган китептердин топтомун алсаңыз жаңылышпайсыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан