Бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча 18 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугу үстүбүздөгү жылы 16-18-август аралыгында Ысык-Көлдө өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бильярд боюнча Эл аралык комитет бул мелдешти өз үйүндө өткөрүү укугун Кыргызстанга тапшырды.