Республикада мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 17-мартта башталып, 23-мартка чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө буйругунда көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, 4-чейрек 24-мартта башталат.
Эске салсак, быйыл окуу жылы 2-сентябрда башталган, 26-майда аяктайт.