ХХХIV эл аралык «Славян базары» искусство фестивалына быйыл Кыргызстандын атынан Мырза Сарпашов менен Рыскелди Старбеков катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
Айта кетсек, аталган сынак 10-13-июль күндөрү Беларуста өтөт.
Аталган сынактын алкагында XXIII эл аралык балдар музыкалык жана XXXIV эл аралык эстрада ырчыларынын «Витебск – 2025» сынактарынын Кыргызстандагы Улуттук тандоо турунун финалы 1-мартта өттү.
Алдын ала онлайн кастингге жөнөтүлгөн 25тен ашуун видеонун ичинен финалга балдар арасында 3 бала жана жаштар арасында 9 мыкты вокалист тандалып алынган.
Жыйынтыгында балдар сынагында 14 жаштагы Мырза Сарпашов, жаштардын арасында 23 жаштагы Рыскелди Старбеков мыкты деп табылып, “Славян базары” фестивалынын сынактарына быйыл Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болушту.
Белгилей өтсөк, Кыргызстандагы улуттук тандоо турун “Арт Булак” коомдук фонду уюштурду.