Америкалык миллиардер, SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Украинадан чыгып, бейтарап өлкөгө кетүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ишкер Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Анда Маск социалдык тармактын колдонуучусунун "Зеленский согуш бүтсө, өзүнүн бийлиги кошо бүтө турганын билет" деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны колдоого алган.
"Туура, жагымсыз болсо да Украинанын тынчтык жол менен демократияга өтүүсү үчүн Зеленскийге бейтарап мамлекетке кетип, ошол жактан амнистия алуусун сунуштоо туура болмок", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Маск буга чейин Зеленскийди "түбөлүк согушту" жана "түбөлүк коррупцияны" каалайт деп сынга алган.