Бүгүн, 4-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев муктаж болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, 17-февралда 1990-жылы туулган Канышай Махратбек кызы атайын кызматтын башчысына кайрылып, көзүнүн көрүүсү начар экенин, үч баласын жалгыз тарбиялап келе жаткандыгын билдирген. Ошондой эле улуу кызы да бала кезинен майып экенин кошумчалап, балдары менен батирде күн кечирип жаткандыгын айткан.
Ташиев Канышай айымдын уулуна батирдин ачкычын тапшырып, балдарына белектерин берген.
Белгиленгендей, Канышай айымдын туруктуу жумушу жок, бирок кайрымдуулук уюмдардан жардам алып келген. Турак жай маселесине байланыштуу да жардам сурап кайрылганы менен, майнап чыкпай келген.