Ырчы Мадияр Русланов менен актриса Айгерим Саматова ак өргөөлүү болушту. Бул тууралуу актриса социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Сүйүнчү, биз ак өргөөлүү болдук. Мындай жаңылыкты сиздер менен бөлүшпөй коё албайбыз. Экөөбүз бул ийгиликке "мен, сен, меники, сеники дебей, экөөбүздүкү" деп кабыл алуубуздун артында жеттик", - деп жазды ал.
Эске салсак, Мадияр Русланов менен Айгерим Саматова 2022-жылы 3-августта баш кошушкан. Учурда түгөйлөр бир кызды тарбиялап келишет.