Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилген химия-металлургиялык комбинаттын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз химия-металлургиялык заводунун (КХМЗнын 5-цехи) бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. 2002-жылы аталган заводду "Талер-Сан" ЖЧКсынын башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 м² жана ага чектеш 2 гектар КХМЗнын 5-цехи ыктыярдуу түрдө Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.