Бакай Банк ыйык Орозо айында кардарлары үчүн өзгөчө белек камдады! Эми BakAi мобилдик тиркемесинде ыңгайлуу Орозо-2025 календары жеткиликтүү, ошондой эле Орозо ай ичинде ресторан, кафелерден сатып алууларга жогорулатылган 5% кешбэк берилет.
Жаңы календарда эмнелер жазылган?
Календарь экрандын башкы бетине чыгып турат, бирок керек учурда аны жаап же виджеттерди тууралоонун жардамында кайра кошуп алса болот.
Берекелүү кешбэк – Бакай Банктан белек
Мындан тышкары Бакай Банк өзүнүн кардарларына “Берекелүү кешбэк” – кафе, ресторан жана башка тамактануучу жайлардан ар бир сатып алууларда 5% кешбэк берет. Март айы ичинде Бакай Банк 5%ды реалдуу акчалар менен кайтарат. Эми тууган, жакын адамдар менен ооз ачуу ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы болот!
Кешбэкти кантип алса болот?
Ооз ачар үчүн кафе, ресторан жана башка тамактануучу жайлардан сатып алуулар үчүн Бакай Банктын картасы менен төлөм жүргүзүп, айдын аягында сумманын 5%ын реалдуу акчалар менен эсебиңизге кайтарып алыңыз. Убакытты жакындар менен жагымдуу өткөрүүдөн, биздин банктын пайдалуу сунуштарын колдонуудан ырахат алыңыз.
Орозо 2025-жылы 1-мартта башталып 30-мартка чейин уланат. Бул убакыт аралыгында “Берекелүү кешбэк” тиркемесин пайдаланып калыңыз!
BakAi тиркемесин жаңылап, жаңы кызматтарды азыртадан колдоно баштаңыз!