5-март – Ак калпак күнү. Бишкектеги автобустун айдоочуларынан өзгөчө куттуктоо (видео)

Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочулары 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүн утурлай кыргызстандыктарга өзгөчө видео куттуктоо жолдошту.

Алар бири-бирине улуттук баш кийимин узатышып, кара жорго бийин бийлешкен. Тасмага башка улуттун өкүлдөрү да тартылган.

Белгилей кетсек, 5-март – Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Ал эми Кыргызстанда, чет өлкөдөгү мекендештер 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгилеп келишет. Майрамды утурлай ак калпак кийген мырзалар жөө жүрүш жасап, ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

Айта кетсек, 2019-жылы калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

Бишкектеги автобустун айдоочуларынан өзгөчө куттуктоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан