
Быйыл, 2025-жылы Бишкек шаарында 4 жаңы жол пайда болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Мэриянын маалыматына ылайык, Сухэ-Батор көчөсүн 7-апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин (4,5 км), Ауэзов көчөсүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин (3,1 км), Ахунбаев көчөсүн Достоевский көчөсүнөн Аузов көчөсүнө чейин (3,5 км), Токтоналиев көчөсүн Түштүк магистраль көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (1,3 км) куруу пландалууда.
Ушул жылдын аягына чейин Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, ошондой эле Кара-Дарыя көчөсүн Горький көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин ачуу пландаштырылууда.
Ошондой эле төмөнкү аймактарда жолдорду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт:
- Шабдан Баатыр көчөсүндө Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсүндө 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Жаш Гвардия бульварында Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсүндө Ибраимов көчөсүнөн Калык-Акиев көчөсүнө чейин;
- Москва көчөсүндө Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсүндө Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Курманжан Датка көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин.
Жаңы көпүрөлөрдүн курулушу М.Ауэзов көчөсүндө Бишкек ЖЭБ каналы аркылуу, Жибек-Жолу проспектисинде Аламүдүн дарыясы аркылуу, Шүкүров көчөсүндө ЧЧК аркылуу Медеров көчөсүнө чейин курулат.