Бишкекте көчөдө бензин саткандарга жыл башынан бери 336 миң сом айып салынды

Бишкекте ушул жылдын башынан бери Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзамсыз күйүүчү май саткан 112 адамга 336 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта калаа мэриясынан кабарлады.

Маалымдалгандай, калаада күйүүчү-майлоочу материалдар менен мыйзамсыз сооданы токтотуу боюнча рейддер улантылууда.

Иш-чаралар мыйзамсыз саткан сатуучулар дайыма турган жайларда – Профсоюз көчөсүн бойлой Фучик көчөсүнөн Лумумба көчөсүнө чейинки аралыкта, Достоевский көчөсүндө, Маевка МАБ аймагында жана башка жерлерде өтүүдө.

"Күйүүчү майды белгиленбеген жерлерде сатуунун коркунучу чоң, анткени коопсуздук эрежелери сакталбайт жана өрт же жарылуу коркунучу бар", - деп айтылат билдирүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан