Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чара өткөнүн кабарлады.
Маалыматка караганда, ал айдоочулар жолдо жүргөндө маякты күйгүзүп келе жаткан "Тез жардам" өрт өчүрүүчү жана ИИМдин унааларына жол бошотуп берүү максатында уюштурулган.
Анын алкагында жол бошотуп бербеген айдоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жалпы 60 айдоочуга 10 миң сомдон айып пул салынды.