Өлкөдө жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкары сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги бүгүн, 6-мартта таратты.

Кабарга таянсак, чектөө ушул жылдын 3-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө киргизилди. Ал МинКабдын чечими менен берилүүчү эл аралык транзиттик жана гуманитардык жардамдан тышкары минералдык жер семирткичтердин бардык түрлөрүнө карата колдонулат.

Бирок ташылып келинген жер семирткичтердин сапаты белгиленген талаптарга жооп бербесе, анда бул тыюу аларды реэкспорттоодо колдонулбайт.

Белгилей кетсек, жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салуу – улуттук кызыкчылыкты коргоого, ата мекендик айыл чарбасын колдоого жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан