Бишкек шаарында уурулукка шектелген 22, 29 жана 34 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалымдалгандай, алар 20-февралда саат 19:15 чамасында Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин кире беришинен жалпы 75 миң сомго бааланган 2 даана велосипед уурдашкан. Жабырлануучунун жазган арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Райондук милиция тергөөнүн жүрүшүндө алардын ушул сыяктуу 15тен ашык кылмыш фактысына тиешеси бар экени аныкталганын кошумчалады.