Бишкекте 58 жаштагы жаран ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январда милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 2024-жылдын жаз мезгилинде 1958-жылы туулган С.Ж. жана чет өлкөлүк эки жаран Лондон банкынан банктык аккредитив алып беребиз деп ишеничине кирип 75 миң евро өлчөмүндө акчасын алып, из жашырып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1958-жылы туулган С.Ж. аттуу шектүү кармалып, 2 айга камакка алынды.

"Мындан тышкары кармалган шектүүнун дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Эгерде сиз кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз же анын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине кайрылууңузду өтүнөбүз 0703 913 680, 0777 011 784", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан