Орусияда мигрант 19 жаштагы кызды зордуктаган. Ал качканы жатканда аэропорттон кармалды

Орусиянын Хабаровск шаарында такси кызматында иштеген мигрант жүргүнчү кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Хабаровсктун тергөө комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү чакыруу боюнча келген айдоочу жүргүнчү кызды алган. Ал жолдо кетип бара жатып кызды эркине каршы зордуктаган. Бул окуядан кийин эле 19 жаштагы кыз жергиликтүү полицияга арыз менен кайрылган.

Кармалган жаран Орто Азиядан барган 50 жаштагы мигрант экени белгилүү болгон. Ал изин жашыруу максатында өлкөсүнө учканы жаткан жеринен аэропортто кармалган.

"Учурда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан