Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу эски бала бакчанын 0,51 гектар жери жеке менчикке берилип кеткени аныкталып, кайра мамлекетке алынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1990-жылы бала бакча болуп турган имараттын эскилиги жетип, ал имарат жайгашкан жер 0,51 гектар жерди ошол кездеги айыл өкмөттүн башчысы Ж.М. өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен жер тилкени Т.И аттуу жаранга 1999-жылдын 23-декабрындагы 107 сандуу буйругу менен мыйзамсыз берип жибергени аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жагдай боюнча мурдагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнун башчысы М.Ж. каза болуп калгандыктан кылмыш иши козголгон эмес.
Мындан улам атайын токтомдун негизинде аталган жер тилке январь айында муниципиалдык менчикке алынды.