SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңештер" түрмөгүндө дарыгер-невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев акыркы учурдагы окуучулардын арасындагы зомбулук, балдардын арыктап кетиши, табити жоктугу, кекечтенип сүйлөп калуусу жана башка көйгөйлөрдүн келип чыгуусу тууралуу айтып берди.
Дарыгер ата-энелер балдарынын физологиялык жактан өсүшүнө көңүл буруп, байкоо салып турушу зарыл деп эсептейт.
"Невроз оорулары классикалык түрдө үчкө бөлүнөт. "Неврастению" дейбиз - нервтин чарчашы. Азыр маалымат көп, балдар телефон карап, интернеттен оюн ойноп отурушат. Мында нерв чарчайт, уйку графиги бузулат, чарчап, башы ооруйт. Эч нерсеге көңүлү жок, ачуусу келип, кыжырданат. Анан невроз болуп калат. Анын 3 белгиси бар: алы кетет, уйкусу начарлайт, көңүлү начарлайт депрессия болуп, кыжырланып, урушчаак болуп калат.
Экинчиси, истерикалык (истерию) невроз. Бул истерикалык мүнөз болот. Балдардын тарбиясынан. Кээде балдарды эрке кылып каалаганын алып берип тарбиялашат го. Алар аябай коркунучтуу. Эгер алып бербей койсо жерге жыгылып калат. Алардын мүнөзү бөлөкчө, истерикалык. Үчүнчүсү, жабышма (невроз навязчивых состояний) невроз. Балдар коркунучту көп кабыл алат, ишенчээк болот", - дейт дарыгер.
Толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.