Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек ШИИБинин башчысы Азамат Токтоналиев убактылуу Ош, Баткен, Талас жана Жалал-Абад облустарына каттамдар каттаган батыш автобекетинин аймагын текшерди. Мэриядан билдиргендей, калаа башчысы автобекеттин аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышып, айдоочулардын жана ижарачылардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын укту.
Жунушалиев тиешелүү кызматтарга дренаждык иштерди жүргүзүүнү жана автобекеттин аймагына шагыл төгүүнү тапшырды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Ош базарынын жана эски батыш автобекетинин аймагында мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксисттерге тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Мэрдин тапшырмасы менен 100 даана оор жүк ташуучу унаа үчүн аянтча уюштурулду. Учурда аталган жерге күзөт посту орнотулуп, айланасына шагыл төгүлдү, күн жылыганда асфальт төшөлөт. Келечекте мекемеде май алмаштыруу, унаа жуучу, вулканизация кызматтары, ошондой эле айдоочулар үчүн ашкана ачылат.
Белгилей кетсек, жаңы оор жүк ташуучу унаа токтотуучу жай күнү-түнү иштейт. Учурда №13, №40, №19 жана №32 автобус каттамдары утурумдук батыш автобекетине каттайт.