Кытай өкмөтү коргонуу бюджетин 7,2 пайызга көбөйтөрүн жарыялады

Кытай бийлиги өлкөнүн коргонуу бюджетин быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга көбөйтүүнү пландап жатканын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Шаршемби күнкү Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында өкмөт коргонуу бюджетинин көлөмү 1 784 665 триллион юанды же 245 миллиард долларды түзөрүн маалымдаган.

Байкоочулар Пекиндин армияны өнүктүрүүгө көбүрөөк күч жумшоо ниети АКШ, Тайвань, Япония жана башка коңшулары менен чыңалган мамилесинен улам деп божомолдошууда. Серепчилер Кытайдын бюджетинин жылдык өсүү темпи 2023 жана 2024-жылдардагыдай деңгээлде экенин белгилеп, Пекин экономикасы төмөндөп бара жаткан шартта да өзүнүн аскерий күчүн бекемдөөнү улантууда чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жатат дешүүдө.

Кытай коргонууга жумшаган каражаты боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. АКШныкы быйылкы жылга карата аскердик бюджети болжол менен 850 миллиард доллар деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан