2024-жылы кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн 19 миң 760 баш тартуу катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 12 миң 853 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартса, 2023-жылы 20 миң 496 баш тартуу катталган.
Баш тартуулардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 45 пайызы диний себептерден улам, коопсуздугуна шектенүү боюнча – 41%, маалыматтын жоктугунан – 4,2 пайыз, башка себептер боюнча – 9%.