"Төрт баламдын келечегин ойлоп". Ысык-Көл тургуну экстремисттик уюмдан баш тартты

Жети-Өгүз районунун тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Облустук милиция жарыялаган видеодо анын уюмдан баш тартып, мыйзамга баш ийип жашайм дегенин угууга болот.

"2006-жылы "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясын туура деп кабыл алып, колдоп келгем. Азыркы учурда өлкө мыйзамына баш ийип, төрт баламдын келечегин ойлоп, уюмдан баш тарттым", - дейт ал.

07.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан