Ажылык-2025: Зыяратчылардын документтерин визага даярдоо иштери башталды

2025-жылдагы ажылык зыяратты уюштуруунун алкагында документтерди визага даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси, муфтийдин орун басары Жолдошбек Абдылдаев зыяратчылардын документациясын тыкыр текшерип, визага даярдоо иштерине старт берилгенин билдирди.

"Жараян негизинен 2 этаптан жүргүзүлөт. Алгач ажылардын делосу текшерилет. Андан соң визага даярдалат", – деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандыктар үчүн 6060 квота бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан