
Ушул жылдын январь-февраль айларында 11 миң 614 жаран пенсияга чыкты. Бул боюнча Социалдык фонддун маалыматында көрсөтүлөт.
Анда маалымдалгандай, фонд февраль айында 3906 жаранга пенсия чектеген.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1376 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 785 миңге жакын пенсионер бар. Пенсия тууралуу суроолор болсо 1202 номерине кайрылса болот.