
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде катуу шамал күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз кабарлаңыз", - деп айтылат билдирүүдө.