Муфтий Абдулазиз Закиров саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова менен жолугушту.
Жолугушууда өлкө аймагында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында талкуу уюштурулду. Ошондой эле алар 2025-жылдан тарта Сауд Арабиясына умра кылуу жана зыярат кылуу максатында барган адамдар үчүн белгиленген медициналык талаптарга жана сунуштарга ылайык, милдеттүү вакциналардын тизмеси жана эмдөө фактысын тастыктаган документтер боюнча пикир алмашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү республикада кызамык боюнча абал курч бойдон экенин белгиледи. Быйыл 17-февралга карата 2478 учур катталган. 2024-жылдан бери жалпы мезгил ичинде катталган учурлардын саны 14 миң 380ге жетип, 5 бала оорудан каза болду. Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында жайылып жатат.
Министрлик былтыр кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн 19 миң 760 ата-эне баш тартканын, алардын басымдуу бөлүгү диний себептерден улам экенин белгилеп, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүндү.