
Бишкек–Ош жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылып, саат 16:40та каттам ачылды.
Белгилей кетсек, оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар.
Буга чейин Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылганы
маалымдалган.