Бишкекте терминалдардан акча уурдоого шектүүлөр кармалды (видео)

Бишкекте терминалдардан акча уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын жеке күзөт кызматтарынын кызматкерлери экендиги аныкталып, келтирилген чыгымдын суммасы 2 миллион сомду түзгөн. Ошону менен бирге шектүүлөрдүн 80 чакты терминалдардан уурдаган фактылары тастыкталган.

20-январда Свердлов РИИБине төлөм кызматтарынын биринин кызматкери белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу Ибраимов көчөсүндөгү дүкөндөрдүн бириндеги терминалдан 21 миң сом акча жашыруун уурдалып кеткенин билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр кармалды. Алар өзгөчө ири суммадагы акча каражаттарын уурдоого айыпталуда.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан