Путин согушта каза болгон баласынын эрдигин айткан аялдын сөзүнөн кийин эмоциясын жашыра алган жок (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин апасы Украинадагы согушта каза болгон уулунун эрдигин айтып бергенден кийин эмоциясын тыя алган жок.

Мамлекет башчысы катуу үшкүрүп, мындай нерселерге комментарий берүү ага кыйын экенин моюнуна алды.

Белгиленгендей, каза болгон ефрейтор Кирилл Шумаковдун апасы Путинге уулу жана анын шериктери согуштук тапшырманы аткаруу үчүн өздөрүн кантип курмандыкка чалганын айтып берген. Буга мамлекет башчысына сөз табуу кыйын болду.

"Жигиттер, албетте баатыр, эмне дейм. Алар жолдошторун сактап калуу үчүн атайылап өлүмгө барышат", - деди Путин.

Орус лидери жоокерлердин эрдиктери жана тагдырлары көркөм чыгармаларда жазылып калууга татыктуу экенин белгиледи. Ал жазуучуларды, акындарды жана режиссёрлорду Украинадагы согуштун катышуучуларынын окуяларын түбөлүккө калтырууга чакырды.

Путиндин эмоциясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан