Баткендин губернатору Достук айылынын элинен кечирим сурады

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын эли менен жолугушууда эмоцияга алдырганы үчүн кечирим сурады.

"Эл менен жолугушууда кичине эмоцияга алдырып койдум. Жалпы Достук айылынын элинен кечирим сурайм", - деди Шаменов.

Ошондой эле Шаменов көчүрүлгөн Достук айылынын тургундарына 20 сотыхтан эмес, 30 сотыхтан жер бөлүп берүү чечими кабыл алынганын айтты.

Буга чейин Айбек Шаменов Достук айылынын тургундары менен жолугушууда эмоцияга алдырып, айыл тургундарына копол мамиле кылганы коомчулукта талкууга алынган. Көп өтпөй эле президент Садыр Жапаров ага оозеки эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан