Дональд Трамп Орусияны жаңы санкциялар менен коркутту

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер Truth Social социалдык тармагына жазды.

"Орусия Украинаны согуш талаасында толугу менен талкалап жатканына таянып, мен ок атышууну токтотуу жана акыркы тынчтык келишимине жетишилгенге чейин Орусияга ири банктык санкцияларды, башка санкцияларды жана тарифтерди киргизүүнү олуттуу карап жатам", - деп эскертти ал.

Ошол эле маалда Трамп Москва менен Киевге кайрылып, аларды кеч боло электе азыр эле сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды.

Трамптын бул билдирүүсүнөн кийин эле Москва биржасынын индекси дээрлик 1,5 пайызга төмөндөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан