Ички иштер министри Улан Ниязбеков айымдарды 8-март эл аралык майрамы менен куттуктады.
"Сиздерди 8-март - «Аялдардын эл аралык күнү» аталган жаз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Табият аялзатка сулуулукту, жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты жөн гана тартуулаган эмес. Анткени, аялзаты өз мээрими менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келсе, энелик сезимдери, келечек муунга арналган чексиз сүйүүлөрү жашоонун улуу көчүн улап келет. Дегеле, кыргыз элинде байыртан аялзатынын орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат.
Кыргызстанда аялзаты үй-бүлөнүн очогу болуу менен бирге кесиптик бийик ашуулардан ашып, илимде, искусстводо, спортто олуттуу ийгиликтерге жетип, ишкерликте ийгиликтерди багындырып, коомдук-саясий турмушка жигердүү аралашып, ошону менен бирге коомдук тартипти сактоого, а түгүл мекенди коргоого да эрктүүлүк менен катышууда.
Аялзатынын тынчтыкты сүйүү, бакубат жашоого кам көрүү сыяктуу мыкты сапаттары үй-бүлө үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы өтө маанилүү. Ал сапаттар жети өлчөп бир кескен, адамкерчиликке ширелген чечимдерди кабыл алуунун өбөлгөсү болуп саналат.
Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга бакубат турмуш, бакыт-таалай каалайм! Ал эми жалпы кыргызстандыктарга, ички иштер органдарынын кызматкерлерине жаңырып келген жаз менен жаркын тилегимди айта кетмекчимин.
Сиздерге каалаарым ылайым ушул жазда ар кимдин жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин! Элибизде ынтымак, биримдик өкүм сүрүп, аруу каалоо-тилектериңиздер ишке ашышына тилектешмин.
Элибиздин бейпилдиги үчүн, коомдун коопсуздугунун сакчылыгында турган жалпы милиция кызматкерлерине эрктүүлүк менен кыраакылык, алардын үй-бүлөсүнө ынтымак жана бекем ден-соолук каалаймын.
Ушул жыл өлкөбүзгө тынчтык менен бейпилдик сапарын улап, жаздын илеби менен жүрөгүбүз кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толсун! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болуп, эли-жерибизди токчулук, береке уяласын!", - деп жазылат министрдин куттуктоосунда.