Бишкекте ооруканага бара жатып тыгында калып калган аялга Милициянын кайгуул кызматкерлери жардам беришти.
Кызматкерлер алгач аялды гүл берип куттуктаганы жатышкан. Бирок аял баласын ооруканага алып бара жатып тыгында калып калганын айткандан кийин кайгуул кызматкерлери баланы өздөрүнүн унаасына салып, ооруканага жеткиришкен.
Баланы андан ары жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер кабыл алышкан.