Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Боорукердик" үйүндөгү апалардан кабар алып, куттуктады. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Мэр, бүгүн, 8-мартта “Боорукердик” үйүндө жашаган апалардан кабар алып, 8-март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктаган.
Ошондой эле, аларга жана аялдар эмгек жамаатына гүлдөр менен белектерди тапшырды.
"Жеңишбек Токторбаев "Боорукердик" үйүнүн имараты менен таанышып чыгып, жеке өзү тараптан колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, зарыл болгон шарттарды түзүп берүү боюнча убадасын берди.
Аны менен бирге бул жерде тарбияланып жаткан балдар үчүн спорт аянтча, боз үйдү куруу, компьютерлер жана мектеп автобус менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди", - деп билдиришти Ош мэриясынан.