Нарын жана Беш-Арал коруктарындагы ак илбирстердин жаңы сүрөттөрү жарыяланды

Жаратылыш ресурстары министрлиги Нарын жана Беш-Арал жаратылыш кооруктарындагы жок болуп бара жаткан ак илбирстин сүрөттөрүн жарыялады.

"Ак илбирс, дүйнөдө сейрек кездешкен, Беш-Арал паркынын сыймыгы болуп саналат. Бул назик жырткыч, өзүнүн теңдешсиз чеберчилиги жана күчү менен айырмаланат, бирок жок болуу коркунучунда турат. Анын сейректиги жана сулуулугу бизге табиятты коргоо жана мындай уникалдуу түрлөрдү келечек муундар үчүн сактап калуунун маанилүүлүгүн эскертет.

Бул жаныбарлардын сүрөттөрү алардын сулуулугун гана эмес, ошондой эле алардын корголушу үчүн чаралар көрүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Бул түрлөрдү коргоо — өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу үчүн маанилүү кадам", - деп жазылат министликтин бтлдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан