
Бишкек шаарында автобус айдап иштеген айдоочу автобуска түшкөн айымдарга гүл берип, 8-март майрамы менен куттуктады.
Ал автобуска түшкөн айымдарга майрамдын урматына карата жоогазын гүлдөрүн берген. Анын бул видеосу көпчүлүктү суктандырды.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы дал ушул автобустун айдоочусу жол кирени накталай төлөп, талон алгандарга шоколад берген.