Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 8 миллиард 526 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 172 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 562 куб метрди түзүүдө.
Ал эми 6-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 595 миллион куб метрди түзгөн.