Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезек күтүп жаткандарга үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Ал МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкенин, кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушарын белгиледи.
"Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт. Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат.
Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам "оптом" жыласыңар", - деди Жапаров.